Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын
2023-жылдын 28-августундагы № 74
Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Оргочор мамлекеттик асыл тукум заводунун машина трактордук паркынын имаратын жана дан чарбасынын имаратын (кампа) муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Оргочор мамлекеттик асыл тукум заводунун машина трактордук паркынын имаратын жана дан чарбасынын имаратын (кампа) муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксаат берүү максатында, Оргочор айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Оргочор мамлекеттик асыл тукум заводунун машина трактордук паркынын имаратын жана дан чарбасынын имаратын (кампа) муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксаат берилсин.
2. Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө:
-ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн мүлктөрдү белгиленген тартипте кабыл алсын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органында белгиленген тартипте каттоосун камсыз кылсын.
Төрага | У. Р. Дыйканбаев |