Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясынын
2023-жылдын 14-августундагы № 20
Төө-Таш жергилигиндеги жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ЖерКодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, А.Момунованын жеке менчик жер аянтына өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу максатында жер аянтын которууга макулдук берүүүчүнАк-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IVсессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Төө-Таш жергилигиндеги А.Момунованын жеке менчигиндеги №7-контурунда жайгашкан 3,0га жайыт жер аянтына өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | И.Акылбекова |