Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясынын
2023-жылдын 14-августундагы № 17
Ак-Сай айылына чек ара кызматкерлерине турак-жай салуу үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, 2022 аскер бөлүгүнүн аскерлерине турак-жай куруу максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн,Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын №1151-контурунда жайгашкан 1,0га сугат жер аянтына 2022 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун” жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | И.Акылбекова |