Редакцияот 14.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  IV сессиясынын

 

2023-жылдын 14-августундагы № 18

 

Көк-Таш айылындагы эски “Учкун” балдар бакчасын Баткен райондук ИИБнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы эски “Учкун” балдар бакчасын элдин коопсуздугун сактоо максатында, Баткен райондук ИИБнүн өткөрүү үчүн Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексизIV сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы эски “Учкун” балдар бакчасын элдин коопсуздугун сактоо максатында Баткен райондук ИИБнүн өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

И.Акылбекова