Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 27-февралы № 7/19-28

 

Чым-Коргон айыл аймагындагы “Ново-Михайловка” айылынын атын тарыхый атына которуу жөнүндө

1. Чым-Коргон айыл аймагына караштуу Ново-Михайловка айылынын айыл тургундарынын көптөн-көп суранычы жана  2023-жылдын 25-февралындагы элдик жыйындын протоколунун №1 чечиминин негизинде Ново-Михайловка айылынын аты “Бообек” айылы болуп которулсун.

 

2. Ново-Михайловка айылынын атын Бообек деп тарыхый атына которуу боюнча тийиштүү жогорку органдардан жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3. Керектелүүчү иш кагаздарын бүтүрүү жагы  Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына жана коомдук өкүл Аксакалдар кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                       А. Омуралиев