Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 1
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрындагы Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Катта-Тал айылынын Зарибдор бөлүмүндөгү сел алган 2.52 га жер аянтын, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерине алмаштыруу жөнүндөгү № 2 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 08-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 15 жана 21 пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылындагы дыйкандарга таандык 2.52 га үлүш жерин, табигый кырсыктан, коопсуз айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынындагы кайра бөлүштүрүү фонд эсебиндеги жерге алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |