Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 2
Биринчи Элдик Курултайга Жаңы-Ноокат айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 сандуу “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгы менен бекитилген 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга Жаңы-Ноокат айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 2 чечимине негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 61-статьясына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 12.00 дө өткөрүлсүн.
2.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 200 (эки жүз) делегаттан турары белгиленсин (№ 1 Тиркеме) .
3.Жергиликтүү жамаатар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар ушул жылдын 14-октябрынан тартип 24-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин (№ 2 Тиркеме).
4.Жаңы-Ноокат айыл аймагында Жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 3 Тиркеме).
5.Чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин (№ 4 Тиркеме).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |
Тиркеме
|
|
Жаңы-Ноокат айыл аймагынанЖергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы
Катар № | Айылдардын аталышы | Калкынын саны | Делегаттардын нускама боюнча нормасы |
1 | Темир-Корук айылы | 1383 | 9 |
2 | Дөн-Кыштак айылы | 4921 | 31 |
3 | Тескей айылы | 3144 | 19 |
4 | Жандама айылы | 6048 | 38 |
5 | Мончок-Дөбө айылы | 820 | 5 |
6 | Жаңы-Ноокат айылы | 5722 | 36 |
7 | Катта-Тал айылы | 5732 | 36 |
8 | Кызыл-Тейит айылы | 2840 | 18 |
9 | Күнгөй-Хасана айылы | 1122 | 8 |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысын милдеттин аткаруучу Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин
2022-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги № 12-сессиясынын № 2
Токтомуна № 2 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө түрган жыйындардын графиги
Катар № | Айылдын аталышы | Өткөрүлө турган күнү жана убакыты | Өткөрүлө турган жери |
1 | Темир-Корук айылы | 17.10.2022, саат 14:00 | Темир-Корук орто мектеби |
2 | Дөн-Кыштак айылы | 18.10.2022, саат14:00 | М.Улугбек орто мектеби |
3 | Тескей айылы | 19.10.2022, саат 14:00 | Тескей мечети |
4 | Жандама айылы | 20.10.2022, саат 14:00 | Н.Найманбаев орто мектеби |
5 | Мончок-Дөбө айылы | 20.10.2022, саат 11:00 | Мончок-Дөбө мечити
|
6 | Жаңы-Ноокат айылы | 21.10.2022, саат 14:00 | Амир-Темур орто мектеби
|
7 | Катта-Тал айылы | 24.10.2022, саат 14:00 | М.Мирзакаримов орто мектеби |
8 | Кызыл-Тейит айылы | 25.10.2022, саат 14:00 | Кызыл-Тейит орто мектеби |
9 | Күнгөй-Хасана айылы | 25.10.2022, саат 11:00 | Күнгөй-Хасана айылынын мечети |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысын милдеттин аткаруучу Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин
2022-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги № 12-сессиясынын № 2
Токтомуна № 3 Тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы
1.Сатторов Каримжон - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу комиссиясынын төрагасы,
2.Ниязалиева Толгоной - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын милдеттин аткаруучу, жумушчу тобунун катчысы,
Мүчөлөрү:
3.Юсупов Ахлидин - Темир-Корук айылынын айыл башчысы,
4.Собиров Маматюсиб - Жаңы-Ноокат айылынын айыл башчысы,
5.Артиков Абдуханнон - Катта-Тал айылынын айыл башчысы,
6.Яйлопов Абдулвахоб - Жандама айылынын айыл башчысы,
7.Махмудов Алижон - Дөн-Кыштак айылынын айыл башчысы,
8.Жорабаев Мурзалы - Кызыл-Тейит айылынын айыл башчысы,
9.Нарматов Тавакал - Мончок-Дөбө айылынын айыл башчысы,
10.Араббоев Ахрорбек - Тескей айылынын айыл башчысы,
11.Акбаров Шухрат - Күнгөй-Хасана айылынын айыл башчысы
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысын милдеттин аткаруучу Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин
2022-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги № 12-сессиясынын № 2
Токтомуна № 4 Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүүчү чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болгон айылдык кеңештин депутаттарынын тизмеси
Катар № | Айылдын аталышы | Өткөрүүгө жооптуу депутаттар |
1 | Темир-Корук айылы | Сыдыкова Алийма жана Кариев Мурпазыл |
2 | Дөн-Кыштак айылы | Абдукаххорова Чаманхон, Тешебаев Айбек, Абдусаломов Абдуллажон, Хамзалиева Махабатхон, Кадиров Абдулкасим |
3 | Тескей айылы | Алимжонов Фуркат жана Юлчиев Улугбек |
4 | Жандама айылы | Мамажонов Исломбек, Мамажонов Мамадюсиб, Турсуналиев Абдулатиф, Сайпирова Холисхон, Каримбердиева Махиниса |
5 | Мончок-Дөбө айылы | Жураев Мусажон жана Зияев Мамасидик
|
6 | Жаңы-Ноокат айылы | Жалолов Тулкинжон, Киргизбоев Шухрат, Тилабаева Мукаддас, Собирова Азизахон жана Каримов Мухаммадабид
|
7 | Катта-Тал айылы | Кучканов Махмуджон, Абдиллаева Ширинхон, Абдухоннон кизи Дилнура жана Холбоев Рузали |
8 | Кызыл-Тейит айылы | Токталиева Саткынбүбү, Нишанбаев Мирзабек жана Коңурбаев Аширали |
9 | Күнгөй-Хасана айылы | Жамолов Жалолидин |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу
катчысын милдеттин аткаруучу Т.Ниязалиева