Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылындагы М.Улугбек орто мектебине караштуу муниципалдык жер тилкесинен айыл жаштарынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы арызынын негизинде “Муниципалдык спорт комплекси” курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 27-беренесинин, 20-пунктуна таянып, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Кыштак айылынын жаштарынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы арызына негиз, айыл жаштарын колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү максатында: айыл өкмөтүнүн менчик эсебиндеги “Муниципалдык спорт комплекси” курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан, М.Улугбек атындагы орто мектебинин муниципалдык жер эсебинен Жаңы-Ноокат айыл окмөтүнө караштуу Доң-Кыштак муниципалдык спорт комплексине 0.35 га жер аянтты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |