Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында, “Сахаба Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 4 жана 5-пунктуна ылайык жана Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Сахаба Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдында “Сахаба Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Каримовге милдеттендирилсин
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |