Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 6
Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын 06-сентябрындагы № 13 сандуу сураныч катына негиз
Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-чарбалык жылында жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн угуп жана талкулап, 2022-жылгы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзамына таянып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат жайыттарын инфраструктурасын ондоо, жайыттарды деградациясын алдын алуу, жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин балансасындагы Чили-Сай дарыясынын ичинен 3 га жер аянтына жайыттарда өсүүчү чөптөрдү уруктандыруу максатында, уруктуу чөптөрдү өстүрүүгө макулдук берилсин.
2.Жаңы-Ноокат жайыт пайдаланачуулар бирикмесинин эсебинен түшкөн кошумча 150 000 (жүз эллү) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатты, айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер, чыгашалар бөлүгүнө толуктоо жана өзгөртүлөр жүргүзүү жолу менен бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |