Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 221 сандуу сунуш катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 221 сандуу сунуш катынын негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 21-пунктуна ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттин 70825-бөлүгүнүн 22154900-беренесинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын 70221-бөлүгүнүн 22154900-беренесине которуп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |