Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 215 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Аксакалдар сотунун жаңы курамын жана төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Аксакалдар сотунун курамынын ишмердүлүүгүнүн мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, Аксакалдар сотунун институтунун статусун жогорулатуу, материалдык жана финансалык базасын чыңдоо, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сапатын жакшылоо, айыл аймакта Аксакалдар сотунун иш-арекеттерин мындан ары өркүндөтүү, эл арасында биримдикти жакшыртуу, жаңы үй бүлөлөргө ар тараптан жардам берүнүү камсыз кылуу, айыл тургундары арасында өз-ара келишпөөчүлүктөрдү алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 21-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Аксакалдар сотунун жаңы курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Абдукаримов Кодир ажы - Жандама айылынын аксакалы,
Рузалиев Абдулхамид ажы - Дөң-Кыштак айылынын аксакалы,
Исмаилов Абдугапар - Паст-Көчө айылынын аксакалы,
Мамажанов Акрамжан - Тошкоргон айылынын аксакалы,
Бахромов Сайдамирхон - Катта-Тал айылынын аксакалы,
Бозорбоев Иброхим - Шакар-Кыштак айылынын аксакалы,
Сотволдиев Мамат - Темир-Корук айылынын аксакалы,
Кучканов Маматякуб - Катта-Тал айылынын аксакалы,
Исаков Манас ажы - Кызыл-Тейит айылынын аксакалы,
Худерганов Махамаджан - Жаңы-Ноокат айылынын аксакалы,
Абдирашитов Азизбек - Мончок-Дөбө айылынын аксакалы
2.Аксакалдар сотунун институтунун статусун жогорулатуу, материалдык жана финансалык базасын чыңдоо, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо,сапатын жакшылоо максатында, нике той өткөрүү боюнча арыз менен кайрылгандар 500 (беш жүз) сом жана ар турдүү маселелер боюнча арыз менен кайрылгандар 400 (төрт жүз) сом акча жыйымын төлөштөрүн камсыз кылынсын.
3.Аксакалдар сотунун жаңы курамы өз ишмердүүлүгүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышы 2018-жылдын 10-декабрындагы № 22-сессиясынын 4-токтомунда бекитилген Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун РЕГЛАМЕНТИ туурасындагы жобоого жана кийинки толуктоо жана өзгөртүлөргө ылайыкташтырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылынын Аксакалдар сотунунун жаңы курамына жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |