Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 10
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылында курулган жаңы мечитке наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылында курулган жаңы мечитке наам ыйгаруу жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 217 сандуу сунуш катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын тургундарынын 2022-жылдын 04-сентябрындагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылында курулган жаңы мечитке айыл аймакта жашап, кадыр-баркка ээ болгон маркум Эргашов Тешабай атанын наамы ыйгарылсын.
2.Аталган жаңы мечиттин каттоодон өткөрүү Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн жана Кыргыз Республикасинын дин башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |