Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 11
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын тургуну С.Балтабаевдин 2022-жылдын 22-августундагы арызы жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Найманбаев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жер эсебиндеги 48 чарчы метр жер аянтын, ачык аукцион өткөрүү жолу менен берүү туралуу маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жөнүндөгү мыйзамына таянып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Жандама айылынын, Найманбаев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчик эсебиндеги 48 чарчы метр жер аянтын ачык аукцион өткөрүү жолу менен берүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка жер маселелери боюнча мыйзамдарынын чегинде, аталган жер аянтын ачык аукцион өткөрүү жолу менен берүү иштерин уюштуруу, керектелүүчү иш-кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |