Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 13
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин, айыл аймагында уюштурулган “Айгержан” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылөкмөтүнүн 2022-жылдын 28-августундагы № 189 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылында жайгашкан “Айгержан” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу маселесин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылында эмгектенип келе жаткан “Айгержан” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.“Айгержан” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ачылган кошумча тайпа боюнча бюджет эсебинен айлык эмгек акылары, тиешелүү өзгөртүлөр, толуктоолор киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |