Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 14
“Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын машыгуусуна уруксаат берүү жөнүндөгү” айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы жетинчи чакырылышынын кезектеги 7-сессиясынын № 6 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштарды мектептерде окуу сабактардан бош убакыттарда, спорттун эркин күрөш түрү менен машыгуулары үчүн пайдаланууга уруксат берүү туралуу Амир Темур атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалимдерин 2022-жылдын 15-сентябрындагы кайрылууларын карап чыгып, айыл жаштарын колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү, жаштардын ар түрдүү экстремистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын 27-статьясынын 20-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы жетинчи чакырылышынын кезектеги 7-сессиясынын № 6 токтомуна төмөнкүдөй озгөртүүлөр киргизилсин:
-Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштарды колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү, жаштардын ар түрдүү экстремистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында, Амир Темур орто мектебинин жер төлөсүндөгү мурдагы эркин күрөшү менен машыгуучу жайды окуу сабактарынан бош убакытта, спорттун эркин күрөш түрү боюнча машыгууларына уруксат берилсин.
2.Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Амир Темур орто мектебинде жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп берүү жагы билим берүү мекемесинин директору Д.Сакиевге милдеттендирилсин.
3.Окуу сабактарынан бош убакыттарда, машыгуу залдарында уюштурулган машыгууларга катышып жаткан жаштарды коомдук тартипти сакталышы, билим берүү мекемесинин мүлкүн, тазалыгын жана машыгуулар боюнча графиктер иштеп чыгуу жагы билим берүү мекемесинин дене тарбия мугалимдерине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө, токтомду көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Жамоловго тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |