Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 15
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча акча каражаттары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 3 жана 6-пунктуарына ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешесинин эсебинен 3 250 000 (үч миллион эки жүз эллү) миң сом акча каражаттын айыл аймактын ички жолдорүн асфальтоого макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |