Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 1

Баткен-Кайыңды маршруттук каттамынын жол акысын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылынын Баткен-Кайыңды-Баткен маршруттук каттамынын баасын 200 сомго көтөрүп берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты С.Ысмайылованын сунушун угап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

1.  Баткен-Кайыңды-Баткен маршруттук каттамынын жол акысы 200,00 тыйын болуп бекитилсин.

2.  Тийиштүү болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова