Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 7
Баткен токой чарбасынын жайыт акысынын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Баткен токой чарбасынын жыйытына чыгуучу Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө караштуу мал башына төлөнүүчү тарифти бекитип берүү жөнүндө даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу малдар Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуучу мал башына жайыт акыларынын тарифин төрт ай үчүн уйга 35сом, музоого 10сом, жылкыга 30сом, кой-эчкиге 10 сом, топоздорго 35сом, болуп бекитилсин жана козу-улактарга, мамалактарга жайыт акы алынбасын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жайыт камитетинин башчысы К.Нуридиновкко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |