Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 9

“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга аткарган иштери жана 2023-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга каткарган иштери жана 2023-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.  “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 810216 (сегиз жүз он миң эки жүз он алты ) сом, чыгаша бөлүгү 1014982 (бир миллион он төрт миң тогуз жүз сексен эки) сомго бекитилсин.

3.  “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.  “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом тариф болуп белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.

5.  Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.

6.  Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.

7.  “Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

8.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова