Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 11

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Суу Баткен ИСКАКБсынын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.  “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 777235 (жети жүз жетимиш жети миң эки жүз отуз беш) сом, чыгаша бөлүгү 777235 (жети жүз жетимиш жети миң эки жүз отуз беш) сомго бекитилсин.

3.  “Ак-Суу” Баткен ИСКАКБсынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)

4.  Таза суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына Жаңы-Жер айылына 20 сомдон, ал эми Жаңы-Жер айылынын Ынтымак жыңы конушуна 10 белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн жыйналган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.

5.  Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 5 сомдон тариф бекилсин.

6.  Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.

7.  “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй, таза-суу пайдаланганы аныкталса кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.

8.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова