ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 12
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылын органикалык аймакка өткөрүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылында органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык заттарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу “Кайыңды органикалык аймагы” болуп түзүлсүн.
2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү,кангактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |