Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 13

Айыл өкмөтүнүн административдик зданиясынын алдыналгы көп жылдык карагайларды алып оордуна жаңыдан көчөттөрдү отургузууга макулдук берүү жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн административдик борбору болгон канторанын алдындагы көп жылдык бактарды алып, анын оордуна жаңыдан жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Дара айыл өкмөтүнүн административдик борбору болгон канторанын алдындагы көп жылдык бактарды алып, анын оордуна жаңыдан жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берилсин.

2.  Тийиштүү иш кагаздарды жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Ж.Үсөновко милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова