Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 17
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборуна (лагерине) айыл өкмөтүнүн эсебинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборуна (лагерине) мүмкүнчүлүгү чектелген 80 баланы айыл өкмөтүнүн эсебинен каржылап жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты С.Ысмайылованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 80 баланы айыл өкмөтүнүн эсебинен Кайыңды айылындагы “Дары-Булак” балдарды тарбиялоочу жана ден-соолугун чыңдоочу борборуна (лагерине) жөнөтүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ар бир айылдарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын санын тактап жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнү социалдык маселелер боюнча адиси М.Самидиновага жүктөлсүн.
3. Керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |