ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 18
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2023-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы көңүлгө алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Курбанбаевка милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |