Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 19

Дара айыл аймагындагы мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерине ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрүн көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.   Дара айыл аймагынын мамлекеттик айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин:

  -     Жаңы-Жер айылындагы №406-контрундагы сугат айдоо категориясындагы жалпы 42,7га жер аянты 5 жылдык ижара мөөнөтү менен берилет жана 1,0га жер аянтына бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 4000 сом;

  -     Чек айылындагы №96-контрундагы сугат айдоо категориясындагы жалпы 16,61га жер аянты 5 жылдык ижара мөөнөтү менен берилет жана 1,0га жер аянтына бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 5000 сом;

2.   Токтомду жетекчиликке алуу Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевке милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова