ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 20
Дара айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн айыл чарба кооперативдерге жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобосунун” негизинде, өзүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында түзүлгөн жеке жана юридикалык жактардын мүчө болуу менен ыктыярдуу түзүлгөн кооперативдерге иш жүргүзүү чөйрөсү боюнча айыл чарба багытындагы жерлерди берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айылы өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин биригүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобосунун негизинде керектүү жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевке жүктөлсүн.
3. Керектүү иш кагаздарын мыйзамдын негизинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековке тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |