Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 21
Коомдук алдын алуу борборуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо максатында 132000 (бир жүз отуз эки миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү Д.Анапияевдин билдирүүсүн угуп жата талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборуна 132000 (бир жүз отуз эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |