КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 11-марты № 26/2
“Ача-Ордо” ЖЧК уюмга тиешелүү 0,40га жер участогун жана Кочкор айыл өкмөтүнүн имаратын, “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын имаратын баалатууга макулдук берүү жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 10.03.2023-жылдагы чыгыш № 01-8/635-сандагы жана Кочкор айыл өкмөтүнүн 10.03.2023-жылдагы чыгыш № 02-01-33/344-сандагы каттарын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” № 37 мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесин жетекчилике алып, Кочкор айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Кочкор айылындагы “Ача-Ордо” ЖЧК уюмга тиешелүү 0,40га жер участогун жана Кочкор айыл өкмөтүнүн имаратын, “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын имаратын көз карандысыз баалоочуга баалатууга макулдук берилсин.
2.Жогоруда аталган “Ача-Ордо”ЖЧКсына тиешелүү 0,40га жер участогун жана Кочкор айыл өкмөтүнүн, “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын имараттарын жана жер участокторун баалоо үчүн көрсөтүлгөн кызмат акыларын (акча каражатын) көз карандысыз балоочуга которуп берүү жана көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Н.Сакыева |