Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы

2023-жылдын 11-марты № 26/3

“Теңдик-Мурза” ичүүчү сууну керектөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин мүлктөрүн “Кочкор-Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын оперативдик башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө

  Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылындагы калкты таза суу менен камсыздоочу “Теңдик-Мурза” ичүүчү сууну керектөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн 18.01.2023-жылдагы жоюлу жөнүндөгү жалпы чогулушунун № 1-протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 26.12.2022-жылдагы № 723 токтомун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесин жетекчилике алып, Кочкор айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Теңдик айылындагы калкты таза суу менен камсыздоочу “Теңдик-Мурза” ичүүчү сууну керектөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн 18.01.2023-жылдагы жоюлу боюнча жалпы чогулушунун № 1-протоколу аткарууга алынсын.

 

2. “Теңдик-Мурза” ичүүчү сууну керектөчүлөрдүн коомдук бирикмесине тиешелүү суу түтүк түйүндөрү жана курулмалары, мүлктүк комплексине кирген негизги жүгүртүүдөгү каражаттары “Кочкор-Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын оперативдик башкаруусуна өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

3.“Теңдик-Мурза” ичүүчү сууну керектөчүлөрдүн коомдук бирикмесине тиешелүү мүлктөрүн баланска алуу боюнча Кочкор айыл өкмөтүнөн 24.02.2023-жылы № 21-буйругу менен түзүлгөн комиссия өткөрүп алып, “Кочкор-Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын балансасына өткөрүлсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.

 

Төраганын

орун басары

 

Н.Сакыева