КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-1
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылга иш-планы бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы күн тартибиндеги, “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылга иш - планын бекитүү жөнүндөгү” маселеле карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылга иш-планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары И.Мансуровго жана К.Алимовго жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова
тиркеме
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин
2023-жылга иш-планы
№ | Иш-пландар | Мөөнө-тү | Жооптуулар |
1 | Айылдык кеңештин 2023-жылга иш-планын долбоорун бекитүү жөнүндө. | I квар-тал | Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары жана депутаттары. |
2 | Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн “2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2023-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, 2022-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун” бекитүү жөнүндө. | I квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы. |
3 | Туруктуу комиссиялардын 2022-жылдагы өздөрүнүн иши жөнүндөгү отчету. | I квар-тал | Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары. Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
4 | Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча, “Шамшат-Суу”, “Сүрөттүү-Таш” жана “Жаңы-Турмуш” ИСКАКБларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө. | II квар-тал | Айыл өкмөтү, Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” жана “бюджет, финансы боюча” туруктуу комиссиялары, “Шамшат-Суу”, “Сүрөттүү-Таш” жана “Жаңы-Турмуш” ИСКАКБлары. |
5 | -Айылдык аймактагы айыл чарбасынын иштеринин абалы жөнүндө. -Айылдык аймактагы “Мырза-Ажы”, “Жойпас” СПАларынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштерин абалы жөнүндө. -мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөө иштери жөнүндө. | II квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы, “Мырза-Ажы” жана “Жойпас” СПАлары. |
6 | Айыл өкмөтүнүн, 2023-жылдын биринчи жарым жылда аткарган иштери жөнүндө жана экинчи жарым жылга милдеттери отчету. | III квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы. |
7
| Кызыл-Кыштак айылдык аймакта “Үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун аткарылышы жөнүндө. | III квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясы. |
8 | Айылдык аймакта 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө | IV квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин бюджет жана социалдык маселелер, боюнча туруктуу комиссиялары. |
9 | Айылдык аймактын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө | IV квар-тал
| Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” жана “бюджет, финансы боюча” туруктуу комиссиялары, |
Уюштуруу практикалык иш-чаралар | |||
1 | Айылдык кеңештин депутаттарынын, туруктуу комиссияларынын окууларын уюштуруу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары. |
2 | Айылдык кеңештин сессияларында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору. | Ар дайым | Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары. |
3 | Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусу | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин депутаттары. |
4 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү. | Ай сайын | Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин туруктуу комиссялары. |
5 | Айыл аймагынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган кайрылууларынын аткарылышын көзөмөлдөө. | Ар дайым | Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана жооптуу катчысы |
7 | КРнын Президентинин, ЖКнын жана Министрлер кабинетини Мыйзамдарын турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү. | Ар дайым | Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана айылдык кеңештин депутаттары. |
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин
төрайымынын орун басарлары: К.Алимов
И.Мансуров