КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-3
Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 10-протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин, бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 10 - протоколун бекитүү жөнүндөгү” маселе боюнча, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы отурумунун № 10 - протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 10-протоколу бекитилип, Кыргыз Республикасынын бюджетинен, айыл өкмөтүнүн бюджетинин жер салыгынан жоготууларын ордун толтурууга келип түшкөн 599 500,0 сом акча каражаты, Жаңы-Турмуш айылынын Б.Осмонов, Мукумий жана У. Рахманов көчөлөрүн кесилишине жол чырак (светофор) орнотууга каражылансын.
2. Бул ишти аткаруучу Ош СМЭУ ГАИ ишканасына түздөн-түз келишим түзүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова