Редакцияот 28.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

 

2023-жылдын 28-январы № 17-4

 

“Кызыл-Кыштак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын калктан, мекеме- уюмдардан жана коммерциялык структуралардан турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу кызматынын тарифин бекитүү жөнүндө

      Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: ”Кызыл-Кыштак-Тазалык”  муниципалдык ишканасынын калктан, мекеме-уюмдардан жана коммерциялык структуралардан турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу кызматынын тарифин бекитүү жөнүндөгү  маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”  № 123 Мыйзамынын 34-бернесинин 11- пунктуна ылайык, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдагы  отурумунун  №  1- протоколун  карап  чыгып, талкуулап  токтом кылат:

      1. Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдагы отурумунун  № 1 - протоколу  бекитилип, “Кызыл-Кыштак - Тазалык” муниципалдык ишканасынын турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгуу кызматынын тарифи төмөнкүдөй  болуп  бекитилсин:

      -  калктын менчик үйдө жашагандарынан,  бир адамга – 25,0 (жыйырма беш) сом;

      - мекеме-уюмдардан жана коммерциялык структуралардан, таштандылардын бир куб метрине  –  350,0  (үч жүз элүү)  сом;

      - курулуш, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдөн чыккан таштандыларды ташып чыгуу кызматы,  алардын ээлери менен “келишим” негизинде баалансын.

      2. Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жана “Кызыл-Кыштак-Тазалык” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин: ”бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча” жана “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык  кеңешинин төрайымы:                                                                                                                                                                                                    Д.Д.Рахманова