Редакцияот 28.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

 

2023-жылдын 28-январы № 17-5

 

Калкка жеткирилип берилүүчү  ичүүчүсуунун баасын жогорулатуу  жөнүндө

      Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Шамшат-Суу”  ИСКАКБнын,  “калкка жеткирилип берилүүчү  ичүүчү суунун баасын жогорулатуу жөнүндөгү“,  15.12.2022-жылдагы билдирүүсү боюнча,  Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”,  № 123 Мыйзамынын 34-бернесинин 11-пунктуна ылайык, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы  отурумунун  № 1 - протоколун  карап  чыгып, талкуулап  токтом кылат:

      I. Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы  № 1 - протоколу  бекитилип,  Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган)  25.03.2015-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын,  “Шамшат-Суу” ИСКАКБнын  калкка берилүүчү суунун баасын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү  № 65- токтомунун  1 ; 2  жана 3 - пунктары:

      1. Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн суу кабыл алуучу ар бир жашоочуга – 16 сом 61 тыйын;

      2. Короосунда суу түтүгү болуп суу эсептегичи жок ар бир жашоочуга – 22 сом 84 тыйын;

      3. Короосундагы  суу түтүкчөсүндө суу эсептегичи бар  үй-бүлөгө  бир метр куб (1 м³)  сууга – 13 сом 34 тыйын.

- төмөнкүдөй болуп  өзгөртүлөрсүн:

      1. Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн суу кабыл алуучу ар бир жашоочуга – 19 сом 02 тыйын;

      2. Короосунда суу түтүгү болуп, суу эсептегичи жок үй-бүлөнүн ар бир жашоочусуна – 28 сом 02  тыйын;

      3. Короосундагы  суу түтүгүндө,  суу эсептегичи  бар  үй-бүлөгө, бир метр куб  (1 м³)  сууга – 16 сом 31 тыйын.

      II.  Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жана “Шамшат-Суу”  ИСКАКБсына  жүктөлсүн.

      III. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин: «Бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» жана “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык  кеңешинин төрайымы:                                                                                                                                                                                                    Д.Д.Рахманова