КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-6
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүү” жөнүндөгү маселелер боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдын отурумунун № 1- протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдагы отурумунун № 1- протоколун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылдагы “Жаштар” көчөсү Раимжанов Вахаб атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Коммунист айылындагы жаңы конуштун № 5/1 көчөсү Каримжан Эшматов атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова