Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 21-февралы № 18-1
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат жана алдындагы 3,32 жер аянты жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы, күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат жана алдындагы 3,32 жер аянты жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. “Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат жана алдындагы 3,32 жер аянты конкурстун негизинде ижарага берилсин
2. Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” № 37 Мыйзамынын негизинде иш алып барылсын.
3. Имараттын эскилигине байланыштуу пайдаланууга жарактуулугу боюнча тийиштүү жактардан корутунду алынсын.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова