Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
2023-жылдын 16-июнундагы № 2/6
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча карааттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. КР Министирлер кабинентинин 26-декабрь 2022-жылдагы №713 токтомуна ылайык Дөбөлү айыл өкмөтүндө "Ак-Бел" муниципалдык ишканасы ачылгандыктан 14238900 "Кызмат көрсөтүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акыга" 2023-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 2290,0 миң сомго бекитилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын кошумча акча каражатын 2290,0 сомго төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | Сумма |
1 | 2215 | Башка тейлөө кызматтары | 2290,0 |
Баары | 2290,0 | ||
3. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.nагуn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Субанбеков |