Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2023-жылдын 14-сентябрындагы № 5/1
Дөбөлү айыл аймагында 2023-жылы дан катары себилген 435 га арпанын 404 га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы жөнүндө
2023-жылы жаз айлары суук жана кургакчыл болгондугунан жана тоюттун аздыгынан улам жергиликтүү дыйкандар дан эгиндерин чөпкө тоют катары чабышкандыгына байланыштуу Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагында быйыл, 2023-жылы жазгы айдап себүүнүн 428 га арпа жана 7 га буудай дан эгин катары себилген, мунун 398 га арпа жана 6 га буудай жалпы 404 га жер аянты быйыл 2023-жылы аба ырайы кеч жылып, суунун тартыштыгынан улам дан эгиндин өнүмү начар болду. Ушундан улам дыйкандар дан эгиндеринин бышпай калуусунан кооптонуп жана тоюттун аздыгына байланыштуу чөпкө тоют катары чабышкан. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2023-жылдын 12 - сентябрындагы түзүлгөн актысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары У. Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага: | С. Субанбеков |