Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2023-жылдын 5-октябрындагы № 6/2
Жергиликтүү бюджеттен калган акча каражатын бөлүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен калган акча каражатын бөлүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттен калган н акча каражаты төмөндөгүлөрдөн бөлүнүп берисин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-тескемесинин 1,2-пунктуна ылайык иш алып баруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 40000(кырк миң) сом;
- Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын Ө. Токтосунов орто мектебинин микроавтобусунун тетиктерин алууга 100000(жүз миң) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Э. Айсаевга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл єкмєтїнїн башчысы К. Усуповго тапшырылсын.
Төрага: | К. Субанбеков |