Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 3
Чаек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин 6 айдагы жыйынтыгы боюнча 5249,4 миң сом киреше салыгынан ашык түшкөндүгүнө байланыштуу кошумча планын суроо жана өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” жарлыгын жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин 6 айдагы жыйынтыгы боюнча 5249,4 миң сом киреше салыгынан ашык түшкөндүгүно байланыштуу кошумча планын суроо жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин 6 айдагы жыйынтыгы 5249,4 миң сом киреше планы суралсын жана төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын.
1. Минбаев Эрнис бала бакчасына электр зымдарын, туалет, канализацияларын ондогонго 864,0 мин сом, өрт өчүрүүчү жабдууларды алууга 49,0 миң сом, жалпы 913,0 миң сом;
2. Актатыр айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебине идиш аяк алууга 30,0 миң сом;
3. Муниципалдык жерлерди каттоого 1000,0 мин сом;
4. “Нур-Булак” балдар үйүнүн кышкы мезгилге деп печкасын ондоого 89,7 миң сом, өрт өчүрүүчү каражаттарын алмаштырууга 8,9 мин сом, сыртка туалет салууга 40,1 мин сом, жалпы 138,7 мин сом;
5. Социалдык жардамга 100,0 мин сом;
Райондук Жалпы Дарыгерлер Практикалык борборуна келген жаш дарыгерлерге социалдык колдоо көрсөтүүгө, ар тараптан жардам берүүгө 1)Хирург Токтосунов Жылдызбек Токтосунович -50,0 миң сом, реаниматолог Пайызбек уулу Мирлан 50,0 миң сом, жалпы 200,0 миң сом;
6. Ак-Татыр бала бакчасына өрт өчүрүүчү каражаттарды алууга 30,0 миң сом, от жагуучу системасын ондоого 33,0 миң сом, жалпы 63,0 миң сом;
7. М.Алыбаев орто мектебине таза суу тартып келүүгө 10,5миң сом;
40,0 миң сом таза сууну киргизүүгө кызмат көрсөтүүсүнө;
235,4 миң сом жылуулук системасын оңдоого;
240,0 миң сом аш канага тамак бышыруучу печкага нан бышыргычка, жалпы 525,9 мин сом;
8. ”Беш-Терек- Алтын балалык” бала бакчасынын жылуулук системасын оңдоого
35,0 миң сом, учурда чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алууга 14,1 миң сом, өрт өчүрүүчү жабдууларды алууга 30,0 миң сом, жалпы 79,1 миң сом;
9. Беш-Терек футбол аянтчасына 341,0 миң сом;
10. Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин спорт зал жана жылытуу системасын ондоого 521,3 миң сом;
11. Жаңы ачылып жаткан таштанды таштоочу жайдын тегерек четин тозууга ЖКХ бөлүмүнө 300,0 миң сом, таштанды электен өткөрүү аппаратын алууга 487,4 миң сом, жалпы 787,4 миң сом;
12. Чаек жайыт комитетинин төрагасынын м.а. Э.Карагуловдун фронталдык погрузчигин ондоого 100,0 миң сом.
13. Айылдык кенештин сыйлыктарын тапшырууга 100,0 миң сом.
14. 450,0 миң сом ЖК бөлүмүнүн эмгек акысына 381,0 миң сом, соц.фондуна 69,0 миң сом.
2. Чаек айыл өкмөтүнө ЖК бөлүмүнө каралган 2224-беренесинен 20,0 миң сом акча каражатын 2222-беренесине жана Кызыл-Жылдыз айылындагы “К.Акиев” атындагы орто мектебине АУП тагы 2221-беренесинен 60,0 миң сом акча каражатын “К.Акиев” атындагы орто мектебинин 3111 беренесине, АУП тагы 2221 беренесинен АУП тун 2214 беренесине 100,0 миң сом, “Шабданбек уулу А” бала бакчасынын директорунун кайрылуусу боюнча үнөмдөлгөн акча каражаттан каралган 2218-беренесиндеги акча каражатын 2222-беренесине 200,0 миң сом жана 3112-беренесине 330,2 миң сом акча каражатын жылдырып берилсин.
3. Актатыр бала бакчасынан 2218 беренесинде жыл башына каралган үнөмдөлгөн акча каражатынан 100,0 мин сом 2215 беренесине Актатыр бала бакчасынын имаратынын документин бүтүрүүгө, Чаек айылындагы шахмат клубуна бөлүнгөн 2222 беренесиндеги 150,0 миң сом акча каражатын 3112 беренесине125,0 мин сом жана иш сапар чыгымына 2215 беренесинен 20,0 миң сом 2211 беренесине, ЖК бөлүмүндөгү 2221 беренесине жыл башында бекиген 400,0 мин сом акча каражатын 2214 беренесине 368,6 миң сом ГСМ жана тетиктерди алууга, Көмүр отунун кымбаттаганына байланыштуу Кирпич заводдун сметалык документин бүтүрүү үчүн жыл башында каралган 2215 беренесиндеги акча каражаттан 2224 беренесине187,8 сом, О.Ногойбаев мектебине өздүк салым үчүн Кирпич заводдун сметалык документин бүтүрүү үчүн жыл башында каралган 2215 беренесиндеги акча каражаттан 3112 беренесине 100,0 миң сом акча каражаты жылдырып берилсин.
4. Көк-Ой айылындагы “Турсунбек уулу Султан” атындагы орто мектебине жыл башында үнөмдөлгөн акча каражатынан 2215-беренесине каралган 150,0 миң сомдон 2221-беренесине 50,0 миң сомун, “Ай-Назик” бала бакчасына 2215-беренесинен 3112-беренесине 9,0 миң сом, 2222-беренесине 8,0 миң сом жалпы 17,0 миң сом. “Көзмончок” балабакчасына 2215-беренесинен 30,0 миң сом акча каражатын 3112 беренесине. “Э.Миңбаев” атындагы бала бакчага жыл башында 2218-беренесине үнөмдөлгөн акча каражаттан каралган 185,0 миң сом акча каражатынын ичинен 20,0 миң сом 2222-беренесине, Кызыл-Жылдыз айылынын сметасындагы 2221-беренесиндеги 190,0 миң сом жана 2222-беренесиндеги 260,0 миң сомун 3111 беренесине, “Күн-Желеси” бала бакчасынын 2215-беренесине каралган 150,0 миң сом акча каражаттын 2222-беренесине 79,0 миң сомун жылдырып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Муталиев |