Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 9
Чаек айыл аймагындагы “Нуржолбер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Кризистик борборду” 2024-жылдан баштап муниципалдык кризистик борбор кылуу үчүн уставын жана жобосун иштеп чыгуу жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы “Нуржолбер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Кризистик борборду” 2024-жылдан баштап муниципалдык кризистик борбор кылуу үчүн уставын жана жобосун иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык кенишинин чечими менен муниципалдык кризистик борбор болуп бекитилсин.
2. Нуржолбер коомдук бирикмеси тарабынан Жумгал районунун Чаек айылында уюштурулган кризистик борборго Чаек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылындагы айыл өкмөтүнүн мурунку имаратынан (6 ай убакытка) 3 бөлмө берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кенештин мандат боюнча комиссиясына, укук коргоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө комиссиясына жана саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, маданият жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Чаек айыл айимагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго мидеттендирилсин.
Төрага: | А.Муталиев |