Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 10

 

“Вита Жумгал” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө

 

“Вита Жумгал” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. “Вита Жумгал” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн (6 ай убакыттын ичинде) узак мөөнөткө 25 жылга ижарага берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Муталиев