Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2023-жылдын 28-июлундагы № 21

 

Чоң Кара-Буура айылындагы Чаткал көчөсүнүн тургундарынын Чаткал көчөсүн Асылбеков Бообек атындагы көчө кылып аталышын өзгөртүү тууралуу кайрылуусун карап жана талкуулап Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң Кара-Буура айылындагы Чаткал көчөсү Асылбеков Бообек атындагы көчө болуп аталышы өзгөрүлсүн.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык жана маданий иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

М.А. Джумагулов