АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 2 сессиясы
2021-жылдын 21-майы № 28/2-2
Муниципалдык объектилерди документтештируу жөнүндө
Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ахматовдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ананьев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга мыйзамга ылайык Лященко жана Абдрахманов орто мектептеринин котельныйына техникалык паспорт жасатууга бардык тиешелуу иш кагаздары даярдалсын, документештирилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Ахматовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |