Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 5 сессиясы

2021-жылдын 26-октябры № 28/5-12

Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  14.04.2021ж. Серия Б №039598 жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик актынын негизинде Ананьев айыл өкмөтүнө тиешелүү 24га Аэродромдун жер аянтын Аэродром катары колдонулбайт деген чечимди эске алуу менен атайы түзүлгөн долбоорго ылайык №33 өрт өчүрүү бөлүмүнө жаны имарат курууга (пожарная часть) 0,50га жер тилкеси мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.

 

2.  Калган 22га жер тилкеси резерв жерлери катары пайдаланылсын.

 

3.  Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

5.  Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Ананьев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Мамагулов С.