Редакцияот 14.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 6 сессиясы

2022-жылдын 14-январы № 28/6-6

Салык төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Ысык-Көл районунун Мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын 29.12.21ж. №07-8/7095 катынын негизинде КР Кодексинин салыктык эмес кирешесинин 16 беренесине ылайык ошондой эле жергиликтүү бюджетти өз убагында камсыз кылуу максатында Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:

1.  Таштанды чыгаруу төлөмүн юридикалык жана жеке ишкерлердин жумушу жылдык орточо тизменин негизинде

Юридикалык – 100сом

Жеке жактарга - 50сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.  Пенсионерлерге салыгын төлөөдө 0,20га жер тилкесин жеңилдик катары бекитип берилсин.

3.  Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

5.  Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Ананьев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Мамагулов С.