Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 6 сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 28/6-8
Көк-Дөбө айылында жайгашкан БСРди айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-13-беренелерине ылайык Зарылканов Базар Зарылкановичтин арызын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ананьев айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Дөбө айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Зарылканов Базар Зарылкановичтин менчигиндеги суткалык суу сактагыч жайын (БСРди) жалпы аянты 2,70га, өзүнүн макулдугунун негизинде айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
С.К.Мамагулов |