Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-апрели № 28/8-3
“Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингке техника алуу жөнүндө
Айылдык кеңештин кезектеги сессиясындагы айыл чарба техникасы жөнүндөгү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде Ананьев айылдык “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Джумабек уулу Адилеттин маалыматын угуп, сунуштарын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ананьев айыл өкмөтүнө караштуу “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингке ХCMG LW300FN фронтальный погрузчик коммерциялык сунушунун негизинде 16% жылдык төлөмү менен 6 жылдык мөөнөткө алуусуна макулдук берилсин, лизинг алууга жана 30% камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнсүн.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Айыл Банк менен келишим түзүп, өздүк салым катары тиешелүү төлөмдөрүн төлөп туруу жагы Ананьев айыл өкмөтүнө караштуу “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Ананьев айыл өкмөтүнө караштуу “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму” муниципалдык ишканасы айыл чарба техникасын алууда Ананьев айыл өкмөтү “Айыл Банк” ААК алдында милдеттенмелерди аткарууда тилектешттик кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катарыкатышууга укук берилсин.
4. Ананьев айыл өкмөтүнө караштуу “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму” муниципалдык ишканасына техника алуу үчүн “Айыл Банк” ААК лизинг катары алынуучу техниканы алууда “Айыл Банк” ААК менен келишимдерди жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысы Байгазаков Б.Т. милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |