Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын 8 сессиясы
2022-жылдын 21-апрели № 28/8-4
Ананьев айыл аймагындагы таза суу үчүн тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана “Таза суу” мекемесинин жетекчиси Р.О.Ибраевдин билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ананьев айыл аймагынын таза суу үчүн төлөмдөр айына элден бир кишиден 30 сом өлчөмүндө жана ишкана-мекемелерден айына 40 сом өлчөмүндө алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы “Таза суу” мекемесинин жетекчиси Р.О.Ибраевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С.К. |