Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-апрели № 28/8-7
Биргелешкен мониторинг жана балоо тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 «Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу» Буйругунун негизинде, ошондой эле USAIDдин «Ийгиликтүү Аймак 2» долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу Планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Балоо тобун түзүү максатында:
1. Биргелешкен мониторинг жана балоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) Курманходжоев Б.И. – айыл өкмөтүнүн орун басары – топтун жетекчиси
2) Мукашева Ж.М. – аялдар кеңеши – топтун мүчөсү
3) Шабданова З.Е. – айылдык кеңештин депутаты – топтун мүчөсү
4) Усенбаева Н. – айылдык кеңештин депутаты – топтун мүчөсү
5) Сыдыкова Ж. - – айылдык кеңештин депутаты – топтун мүчөсү
6) Асаналиева С.Т. – соцкызматкер - топтун мүчөсү
7) Агатаева Т.М. – жетектөөчү адис - топтун мүчөсү
8) Мамбетов Ж. – аксакалдар соту - топтун мүчөсү
9) Омуралиев Н.Дж. – айыл тургуну - топтун мүчөсү
10) Машаев Н. – айыл тургуну - топтун мүчөсү
11) Потапова Е. – айыл тургуну - топтун мүчөсү
12) Брагина Т.Ю. – бала бакча тарбиячысы - топтун мүчөсү
13) Абдылдаев К.К. – айыл тургуну - топтун мүчөсү
2. Биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү Жобо кабыл алынсын (Тиркеме 1);
3. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймак ченинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын;
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Мамагулов С. |